БУУ: 1 миллион уйгур бошотулсун!

БУУ: 1 миллион уйгур бошотулсун!
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 13:40

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Дискриминацияны жок кылуу комитети террорчулук менен күрөштүн алкагында Кытай камакка алган 1 миллионго жакын уйгурду бошотууга чакырды.

Аталган комитет Кытайды мыйзамсыз соттоону жана камоолорду токтотууга, кармалгандардын бошотууга чакырды. Өзгөчө лагерлердеги кишилердин санын азайтуу жана этникалык, диний себептер менен кармоо боюнча иштерди териштирүүнү талап кылды.
“Укуктары колунан алынган жашыруун абак”
Комитеттин мүчөсү Гей Макдугал уйгурларды “мыйзамсыз жана укуктар колунан алынган жашыруун абакта” деп белгиледи. Женевада сүйлөгөн Макдугал Кытайдан бул абалды кайрадан карап чыгууну талап кылды. Ошондой эле ал кытайлык жетекчилер террорчулук жана ашыкча динчилдиктен улам аймакта коопсуздукту тыкыр көзөмөлгө алганын, ибадаттарды аткарууга чектөө киргизгенин кошумчалады.

АКШлык саясатчылар Кытайга санкция киргизүүнү сунуштады

Комитетин билдирүүсүнөн кийин акшлык саясатчылар АКШ президенти Дональд Трампка Кытайга санкция киргизүүнү сунуштады.
Аймакта жашаган уйгурлар мыйзамсыз кыйноолорго дуушар болгондугун айткан саясатчылар Трампка жиберген катында “Мусулман этникалык азчылыктар камалып, ибадаттарды аткаруусу жана маданияттары, күнүмдүк турмушу көзөмөлгө алынган”,-деген сүйлөмдөргө орун берилген.

Эмне болгон?
20 миллион калкы бар Синьцзян-Уйгур автономиялык аймагында 10 миллиондой уйгур жашайт. 2003-жылдан бери Кытай аларды башка аймактарга көчүрүп, дегенерациялоо саясатын тездетүүдө.

Синьцзян-Уйгур автономиялык аймагында же 2009-жылы Үрүмчүдө болгон окуяларда расмий көрсөткүчтөргө караганда 200гө жакын адам көз жумган.
Окуялардан кийин аймакты чыңалуу жаралган. Райондун бир топ жеринде Кытайдын куралдуу полициясы тартипти катуу көзөмөлгө алган. Өзгөчө уйгур калкы көп жашаган Кашгар, Хотан, Или аймактарында күчөтүлгөн тартип орнотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!