Мечиттер үчүн сырттан акча келишине тыюу салынат

Мечиттер үчүн сырттан акча келишине тыюу салынат
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 18:00

Франция өкмөтү мечиттин курулушуна жана оңдоого башка мамлекеттен келген каржылык жардамдарга тыюу салат. Ошондой эле адал азыктарга атайын салык киргизет.

Франция мечиттердин курулушу жана реставрациясы үчүн өлкөгө келген чет элдик фонддордун таасирин чектегени турат. 2018-жылдын 9-сентябрында Монтень институту тарабынан даярдалган, кароого сунушталуучу 800 барактан турган билдирүүдө Францияда адал азыктарга киргизиле турган жаңы нормалар жана ага байланышкан салык камтылган.

Өлкөдө экинчи дин катары кабылданган Исламга ишенгендер тандаган адал азыктар боюнча мыйзамдарга бул күздө өзгөртүүлөр киргизилет. Буга байланыштуу даярдалган 800 барактан турган билдирүүдө президенти Эмануэль Макрондун сунуштары камтылган.

Адал стандарты боюнча критерийлер

Буга окшогон салык 1990-жылы ошол мезгилдеги Ички иштер министри Шарль Паскуа тарабынан сунушталган. Антсе да бул маселе татаал бойдон. Анткени Францияда адал боюнча атайын стандарт жок. Ошол эле мезгилде малдардын союлушу боюнча эрежелер бардык жерде бирдей аткарылышы үчүн орток жобо түзүү зарылдыгы бар.

Монтень инстититу даярдаган 800 барактык рапортто жогоруда белиленген темаларга олутту басым жасалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!