АКШ: бороонго байланыштуу 1 миллион тургун көчүрүлөт

АКШ: бороонго байланыштуу 1 миллион тургун көчүрүлөт
11-Сен. 2018, Шейшемби, 13:22

АКШнын чыгыш жагы күчтүү Флоренция ураганына даярдык көрүүдө.

Даярдыктардын алкагында Түштүк Каролина штатынын бийлиги жээкке жакынкы аймактарда жашаган 1 миллион адамды көчүрүүнү чечти. Алар бүгүнтөн баштап коопсуз аймактарга жеткирилет. Ошондой эле Түндүк Каролина жана Виргиния штаттарына өзгөчө кырдаал жарыяланды. Дүкөндөрдө суу, батареяларды жана терезелерди жабуу үчүн такта сатып алгандардын кезеги узарды.

Жетекчилер учурда 4-деңгээлге жеткен Флоренция бороону жээкке жакындаганда күчтөнөөрүн, шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетерин эскертти.

Адистердин божомолуна караганда Флоренция 1989-жылы Түндүк Каролинаны жабыркаткан, 7 миллиард долларлык зыян тарттырган жана 49 адамдын өмүрүн алган Хугодон кийинки күчтүү шамал болуп эсепелет.

Бороондун булуттарынын тездегенин космостон көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү эң ири “Norfolk” базасындагы согуштук кемелер бороондо портто калбаш үчүн деңизге жиберилгени турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!