11-сентябрга карата станция калыбына келтирилди

11-сентябрга карата станция калыбына келтирилди
11-Сен. 2018, Шейшемби, 15:02

Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрында теракттан ураган метронун станциясы ачылды. Анын курулушу үч жыл мурда башталган.

Жер астындагы жаңы станция заманбап техникалар менен жабдылган. Ичи ак мрамор менен кооздолуп, Эгемендик жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациялардагы сүйлөмдөр жазылган.


2018-жылдын 11-сентябрында террорчулар ээлеп алган учактын Нью-Йорктогу эгиз мунараларга урунганына 17 жыл толду. Үч миңге жакын адамдын өмүрүн алган окуя эң ири теракт катары тарыхта калган.


2002-жылдан баштап 11-сентябрь АКШда Патриоттор жана эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!