Даарат кагазы 60 лирага жетти

Даарат кагазы 60 лирага жетти
11-Сен. 2018, Шейшемби, 17:42

Түркиядагы кагаз секторунун сыртка көз каранды болушу, евро жана доллардын жогорулаганы басмаканаларда, кагаз колдонулган башка тармактарда кризиске учуратты. Өзгөчө даарат кагазынын кымбаттаганы кеңири кеп болууда.

Өлкөдө китептер кымбаттаса, айрым гезиттер кагаздын тартыштыгынан улам бир нече күн чыкпай калды.

Супермаркеттерде даарат кагазынын баасы үч эсе өскөнү белгиленүүдө. Интернетте бир топ тургундар мурда 20 лира болгон даарат кагазы 40,50 ал тургай 60 лирага чейин жеткенин талкууга алышты.

“Euronews” сайты кагаздын кымбаттаганын, Түркия кагаз секторунда эмнеге мындай кризиске кабылганын иликтеп көргөн.

Адистердин айтымында дүйнө базарларында кагазга болгон талаптын артканы бул кризистин себептеринин бири. Ошону менен бирге Кытайдын кагаз экспорттоодон кагаз импорттого өткөндүктөн кагаздын баалары бул жылы йен эмес, доллар менен белгилене баштаган. Түркияда акыркы мезгилдерде лиранын доллардын алдында 40 пайыздай наркын жоготкону кагаздын кымбатташына жол ачкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!