Желим жеген козу карын көйгөйдү чечеби?

Желим жеген козу карын көйгөйдү чечеби?
12-Сен. 2018, Шаршемби, 11:39

Пакистандын борбору Исламабад шаарындагы таштанды жайында желим жеген козукарын табылды. Ал бүгүнкү күндүн көйгөйүнө айланган таштандынын түрү- күн сайын көбөйгөн желимдердин булганычын чечүүгө жардам бериши мүмкүн.

Лондондогу “Royal Botanic Gardens” (Королдуктун ботаникалык бакчалары) жарыялаган билдирүүдө козу карын жүз жылдар бою жоголбогон желимди бир нече аптада жок кылары жазылган.

Англияда жарыяланган “The Times” гезитиндеги маалыматтарга караганда бул темага байланыштуу 18 мамлекеттен 100дөн ашык илимпоз аталган ботаникалык бакчага чогулуп, козу карынды талкуулашат. Илимпоздор алардын жаралышын, лабораториялык жолдор менен көбөйтүү жагына көңүл бурушат.

“The Times” гезитине берген маегинде доктор Илья Лейч булардын генин океандардагы деңиз козу карындарына өткөрүп, ал жактардагы желимдерди жок кылуу жагын ойлонуу керектигин айткан. Ошондой эле ал бул изилдөөлөр ийгиликтүү аяктаса 5 жыл аралыгында пластик көйгөйүнөн кутулуу артыкчылыгы болорун кошумчалаган.

Дүйнөдөгү козу карындардын түрлөрүнүн 5 пайызы гана аныкталгандыгын белгиленип келет. Адамдардын тырмактарынын алдынан баштап жаныбарлардын өпкө боолоруна чейин түрдүү жерлерде, ар кандай өлчөмдө көбөйгөн козу карындар көп түрдүү жандуулар болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР