Учак башкарган учкуч уктап кеткен

Учак башкарган учкуч уктап кеткен
12-Сен. 2018, Шаршемби, 13:01

“United Airlines” авиакомпаниясынын учкучу сапар учурунда бизнес-класста уктап жатканын көрүшкөн.

Лайнер АКШнын Ньюарк калаасынан Шотландиянын Глазго шаарына бара жаткан. “Daily Mail” сайтындагы маалыматка караганда жүргүнчүлөр учкучтун бизнес-класста уктап жатканын көрүшкөн. Кадимки кийимчен капитандын формасы жанында турган.
Жүргүнчүлөр экипаждын башчысынын кылганына нааразы болгон. Ал эми авиакомпаниянын өкүлдөрү алыс сапарда учкучтардын уктоого укугу бар экенин, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдиришкен.

Белгилей кетсек, Ньюарк шаарынан Глазгого чейинки сапар жети саатка созулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!