БУУ: Ар бир тогузунчу адам ачка

БУУ: Ар бир тогузунчу адам ачка
12-Сен. 2018, Шаршемби, 13:46

Акыркы он жылдыкта эл аралык коомчулуктун аракети үзгүлтүккө учурады. Андан улам ачкалардын саны өстү. Бул туурасында бир топ маалымат каражаттары Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баяндамасына шилтеме берип жазды.

2016-2017-жылы планетадагы ачка адамдардын саны 17 миллионго көбөйгөн. Башкача айтканда 804төн 821 миллионго жеткенин аталган уюмдун “Положение дел в области продовольственной безопасности и питания в мире – 2018" аттуу 11-сентябрдагы баяндамасында жазылган. Анда Жердеги 7,44 миллиард эл же планетанын ар бир тогузунчу тургуну ачка экени белгиленген.

Документте азык-түлүктүн жетишсиздиги Африка жана Түштүк Америкада экенин билдирген.

Изилдөөнүн авторлору бул көрүнүштөргө климаттын өзгөрүүсү жана аскердик жаңжалдар жүрүп жаткан аймактардын көбөйгөнү себеп болгонун баса белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!