Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу уланууда

Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу уланууда
19-Сен. 2018, Шаршемби, 10:25

Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу чыр-чатак менен коштолууда. Күн мурун “Азаттыктын” түркмөн кызматы кардарлар менен сатуучунун ортосундагы кайым айтышуу учуру тартылган видеону жарыялады.

Видеожазууда нан үчүн кезекке турган киши сатуучудан тезирээк дүкөндү ачууну талап кылган. Бирок сатуучу жетекчиси түштөнүүгө кеткенин билдирип, соода жүргүзүүдөн баш тарткан, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Буга чейин Дашөгүз облусунда аксакалдар коомунун үч мүчөсү кезексиз нан сатып алууга аракет кылганы үчүн жаңжал чыккан.

Быйыл июнда ун тартыштыгынан улам, Дашөгүз облусунун Болдумсаз районунда паспортун көрсөткөндөргө гана нан сатылып жатканы кабарланган.

Ал ортодо Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары өлкөдө уланып жаткан каатчылыкты жашырып, азык-түлүк жетиштүү экенин маалымдашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!