Жаңы экономикалык кризис качан болоору айтылды

Жаңы экономикалык кризис качан болоору айтылды
21-Сен. 2018, Жума, 15:09

Америкалык миллиардер, “Bridgewater Associates” инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү Рей Далио маек берип, жакынкы бир нече жылда жаңы экономикалык кризис болот деген оюн билдирди.

Эксперттин сөзү боюнча, экономикалык цикл бир нече убакка бөлүнөт. Алгач карыздар менен киреше бирге өсөт, активдер көбөйө баштайт. Мындан улам карыздын өсүүсүнө байланыштуу борбордук банктар акча-кредит саясатын күчөтөт.

Андан кийин пайыздык өлчөмдөр нөлгө чейин түшүп, экономика депрессия абалына чейин түшөт. Бул борбордук банктарды активдерди сатып алууга түртөт дейт.

Ошондой эле, миллиардер мындай жагдайда байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылык өсөөрүн айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!