Акы албай иштегиси келгендер 300гө жетти

Акы албай иштегиси келгендер 300гө жетти
22-Сен. 2018, Ишемби, 13:49

Бельгиянын Фламан аймагындагы музейге айланган Гаасбек сепилин акысыз кайтарууну каалагандардын саны көп. Бул жарыя боюнча 300 адам кайрылган.

Бул иштин милдетин алган адам тоосторго жем берет. Калаанын желегин көтөрүп, кечкисин түшүрөт. Түнкүсүн да ал жактан кетпеши керек.

Бул кызматтарга акы төлөнбөй турганы белгиленген жарыяда күзөтчү ал жактагы үч бөлмөлүү турак жайда жашай алары жазылган.

Фламан аймагынын Ленник муниципалитетиндеги 1240-жылы курулган Гаасбек сепили 50 гектарлык парк аянтында жайгашкан. Ал аймакта 300гө жакын тургун жашайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!