Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:59

Астананын администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен жүрө баштады. Аткаминерлердин айтымында, мындай жол менен алар салык төлөөчүлөрдүн акчасын үнөмдөшүүдө: муниципалитет жыл сайын жаңы унаа сатып алууну токтотот, мурда сатылып алынган 60тан ашуун машинаны мектеп жана ооруканаларга беришет.

Астана акиминин биринчи орун басары Сергей Хорошун сентябрдан бери салык төлөөчүлөрдүн эсебинен такси менен жүрүүдө. Таксиси өзүнчө, кара түстө жана аны гана ташыйт. Администрациянын башка чиновниктеринин таксилери жөнөкөй жана түстөрү ак.

Айдоочулардын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер күндө орто эсеп менен төрт жолу таксиге отурушат. Чиновинктердин эсебинде беш жылда алар 600 миллион теңге үнөмдөшөт.

Шаардыктар болсо аткаминерлер такси менен эмес автобус менен жүрүшсө, элдин турмушун чындап билишмек деп эсептешет.

Астананын жаңы акими Бахыт Султанов көптөн бери транспорт колдонбой турганын, жөө жүрөрүн айтты. “Мен мурда деле эртең менен ишке жөө барчумун. Азыр айланып жүрүүгө туура келет, бирок менин жумушум үйүмдөн алыс эмес. Бул пайдалуу, көчөдө баратып кемчиликтерди байкап, тиешелүү тапшырмаларды берип турам. Күндүз жумушка такси менен барам, себеби акимчиликтин мурдагы жетекчилиги кабыл алган прогрессивдүү идеаларды токтотпой, улантуу керек", – деди Астана акими Бахыт Султанов.

Акимчиликтен билдиришкендей, кызматкерлер эконом-класстагы таксилерди гана чакыра алышат, аларга акчалай чектөө коюлган. Эгер чиновниктер бул чектен ашып кетсе, жөө жүрүүгө туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)