Президент кум жүктөлгөн унаалардын курчоосунда

Президент кум жүктөлгөн унаалардын курчоосунда
25-Сен. 2018, Шейшемби, 12:20

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жыйынына даярданган Нью-Йорк шаары президент Дональд Трампты катуу кайтарууга алды. Коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде көрүлүп, ал жайгашкан 4-көчөдөгү “Lotte New York Palas” мейманканасы кум жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар менен курчалды.

Расмий жана жарандык полициялар бомба табууга адистешкен иттерди пайдаланууда. Андан улам мейманкананын айланасы чымчык уча алгыс абалга келтирилди.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби, 25-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясын ачылыш сөзүн айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!