БУУнун жыйынына 3 айлык баласы менен катышты

БУУнун жыйынына 3 айлык баласы менен катышты
25-Сен. 2018, Шейшемби, 15:40

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагындагы Нельсон Мандела Тынчтык саммитине 3 айлык кызы Неве Те Ароха менен катышты. Аларды жубайы Кларк Гейфорд коштоп келген.

Пакистандын премьер-министри Беназир Бхуттодон кийин кызматта турганда төрөгөн өлкө лидерлеринин бири Ардерн баласын кучактап өөп, жакшы мамиле жасап жаткан видео жана сүрөттөрү жарыяланды.

Невенин күбөлүгүн көрсөттү

“Twitter” тармагындагы колдонуучулар Невеге берилген БУУнун уруксаты боюнча кызыгып жатышканын белгилеген Кларк Гейфорд баракчасына “Жаңы Зеландиянын биринчи баласы” деген жазуусу бар күбөлүктү жарыялады.

“БУУда залда баланын жалаягын которуп жатканда бөлмөгө кирген япон делегациясынын таң калган жүздөрүн сүрөткө тартып калсам күтүүсүз белек болмок”,-деген.

Жаңы Зеландияда башкы оппозициядагы Жумушчу партиясы добуштарды жоготкондон кийин кызматка келген 38 жаштагы Жасинда Ардерндин партиясы 3 айдан кийин өткөн жалпы шайлоо жакшы көрсөткүчкө жеткен. Жыйынтыгында 2017-жылы 26-октябрда өлкөнүн 40-премьер-министри болгон. Кызматка келгенде 8 айдан кийин 21-июнда төрөп, 6 аптага уруксат алган жана августтун башында ишине кайткан.

Ардерн 27-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөйт. Ага да жубайы жана кызы менен бирге келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!