КЭДР аскердик парадда ракеталарын көрсөттү

15-Апр. 2017, Ишемби

Түндүк Кореяда мамлекеттин түзүүчүсү жана учурдагы лидер Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сендин 105 жылдыгына арналган парадда аскер техникаларынын бир нече үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ким Чен Ын Пхеньяндын борбордук аянтында аскердик парадды кабыл алды.

Мамлекеттик кызматкерлер менен иш-чараны чагылдырууга чакырылган эки жүзгө жакын чет элдик журналисттер турган трибунанын алдынан аскер бөлүктөрү менен бирге Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) аскер техникаларынын үлгүлөрү, континеттер аралык баллистикалык ракеталары өткөрүлдү. Иш-чара студент, комсомол, дарыгер, спортчу, мамлекеттик кызматкерлерден турган жоон топтун жүрүшү менен уланды.

Түндүк Кореянын техникаларынын түрлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк болгону менен ракеталардын тибин аныктап билүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени айтылууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп ушул жумада Түндүк Кореяны коркунуч катары эсептеп, аларга “кам көрөрүн” айткан. Бирок бул үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын белгилеген эмес. Андан бери Корей жарым аралынын жээгине “Карл Винсон” баштаган учак ташуучу кемелер жөнөтүлгөн.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!