Вулси жалыны 42 адамды жалмады, 228 тургун дайынсыз

Вулси жалыны 42 адамды жалмады, 228 тургун дайынсыз
13-Ноя. 2018, Шейшемби, 15:29

АКШнын Калифорния штатындагы токойдогу өрттөн көз жумгандардын саны 42ге жетти.

Бьютт аймагынын жетекчисиинин билдиргенине караганда издөө куткаруу иштерин жүргүзгөндөр 42 жансыз дене табышкан. Бейшембиде башталган өрт 7 миң 100 үйдү зыянга учуратты.

228 тургун дайынсыз

Хонеанын айтымында 228 киши дайынсыз болсо, 15 миң курулуш коркунуч алдында.

АКШнын президенти Дональд Трамп губернатор Жери Броундун талабынын негизинде аймакта өзгөчө кырдаал жарыялап, федералдык бюджеттен тез жардам фондун түздү.

Апааттын айынан 250 миң тургун коопсуз аймакка кетүүгө аргасыз болду.

Өрт өчүрүүчүлөр Paradise аймагын жалындан сакта кала алган жок. Вулси жалыны катары белгилүү бул токой өрттү учурда 28 миң гектарлык аянтты ээледи.

Метеоролог адистер кооптуу абал келерки аптада уланарын айтышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!