Өлгөндөн кийин көмүлгөн киши кайра үйүнө кайтып келди

Өлгөндөн кийин көмүлгөн киши кайра үйүнө кайтып келди
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 10:47

Казакстандын Атырау айылында үрөй учурган окуя катталды. Томарлы айылынын 62 жаштагы А.С тургуну 20-июнда чыккан боюнча кайра үйүнө кайтып келген эмес.

Ал киши мурун да үйүнөн чыгып кетип, кайра бир, эки жумадан кийин кайтып келчү экен. Айгали Супугалиевден бир айдан ашуун дайыны жок болгондуктан, анын туугандары полицияга арыз менен кайрылган. Бир канча күндөн соң укук коргоо органдары анын туугандарын өлүкканага чакырган. Өлүктү кескилеп койгондуктан, аны туугандары тааный алган эмес. Бирок, экспертизанын жыйынтыгы 99,92 пайыз Айгали Супугалиев экендигин көрсөткөн. Туугандары Айгали Супугалиевди жерге берип, мусулмандык парздарын аткарган. Ал жерге берилип, арадан бир жума өтпөй, Айгали Супугалиев үйүнө тирүү кайтып келген. Аны көргөн агасы жана жээни инфарк болгон.

Көрсө ал райондогу бир үй-бүлөнүн дыйканчылыгына жардам берип жүрүп, сүйлөй албай калганда кайра үйүнө кайтып келген экен. Учурда туугандары эксперттерди сотко берүүгө камданып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!