Россия кайсы араб өлкөсүн калыбына келтирет?

Россия кайсы араб өлкөсүн калыбына келтирет?
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 11:31

Россия Ливиянын экономикасын жана социалдык сферасын калыбына келтирүү иштерине катышууга даяр экендигин премьер-министр Дмитрий Медведев билдирген.

«Экономиканы, социалдык сфераны калыбына келтирүү перспективдүү долбоорлор. Бул абдан зарыл жана Ливиянын нормалдуу жашоосун жаңылоонун ачкычы”,-деди Медведев Ливия боюнча Италияда өткөн конференцияда.

Медведев Россия Ливия менен экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууга даяр экендигин айтты. «Өлкө бай, салт санаасы бар. Биздин байланыш абдан бекем болгон”,-деген Россиянын премьер-министри.

Ливияда 2011-жылы жарандык согуш башталган. Анда өлкөнү 1969-жылдан бери башкарган полковник Муаммар Каддафи төңкөрүлгөн. Ага каршы согушка Франция, АКШ, Улуу Британия баштаган эл аралык коалиция күчтөрү катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!