12 күндүк ымыркай маймылдын колунан чарчап калды

12 күндүк ымыркай маймылдын колунан чарчап калды
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:20

Индиянын Утар Прадеш штатында маймыл энесинин кучагында жаткан, төрөлгөнүнө 12 күн болгон ымыркайды алып качкан.

Полициянын билдиргенине караганда Агра шаарында маймыл үйгө кирип, энеси эмизип жаткан Аруш аттуу баланы жулуп кеткен. Энесинин кыйкырыгын уккан кошуналар жаныбарды таш менен ургулаган. Анткен менен куткара алышкан эмес.

Маймыл баланы алып көпкө качкан. Коңшунун чатырына таштаганда кеч болуп, тамыры сокпой калган.

Күбөлөрдүн айтымында ымыркайды урдардан 15 мүнөт мурда ал маймыл 14 жаштагы кызга кол салган.

Маймыл кол салган 268 учур катталган

Индиянын борбору Жаңы Делиде маймылдар кол салган учурлар көп кездешет. Өкмөттүн маалыматына караганда 2016-жылы шаарда жаныбардын бул уурулук кылган 268 учур катталган.
Индия көмөтү бул жылы шаардагы жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшүн көзөмөлдөө максатында тукумсуз кылуу жагын караштырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!