Дүйнө алтынчы ааламдашуу коркунучунда

Дүйнө алтынчы ааламдашуу коркунучунда
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 12:20

Илим адамдары: Дүйнө алтынчы ааламдашууга кабылуу коркунучунда экендигин эскертет. Анын негизги, себеби, адамдар болуп саналат. Мында тээ байыртан келе жаткан уруулардын дагы жок болуп кетүү коркунучу да жаралмакчы. Дүйнө жүзү бүгүнкү күндө башынан беш ааламдашуу процессин өткөрдү. Бешинчи ааламдашууда түп тамыры менен динозаврлардын жок болгондугу айтылат.

Ошондой эле, 65 миллион жыл мурун астероиддин кагылышуусунан улам, вулкандар жарылып, жанар тоолордон чыккан түтүн күнгө тоскоолдук жаратып жаткандыгы айтылат. Климаттын туруксуз болушу менен ар кандай жаныбарлар өлүмгө дуушар болгон. Дүйнөлүк табиятты коргоо уюмунун “Жашасын жылдыздар” аттуу докладында, жер жүзүндө жапайы жаныбарлар алтымыш пайызга кыскаргандыгы эскертилген. Америкалык “NASA” агенттигинин маалыматында: “Акыркы он жыл ичинде өнөр-жай цивилизациясы жок болот”,-деп эскертилди. Эгерде, мындан ары жер шаарында экономикалык теңсиздик улана берсе, дүйнөлүк булактардын колдонуу тартиби бузула тургандыгын белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!