Ханышанын сөйкөсү эң кымбат баага сатылды

Ханышанын сөйкөсү эң кымбат баага сатылды
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 16:18

Француз ханышасы Марии-Антуанеттанын баалуу зер буюмдары Женевада аукционго коюлду. Марии-Антуанетта Франция революциясынын учурунда, 1793-жылы өлүм жазасына тартылган. Зер буюмдарынын ичинен, эң кымбат баада алмаз сөйкөсү 36 миллион долларга сатылды. Бул дүйнө боюнча сатылган эң кымбат зер буюму болуп калмакчы. Аукциондо сөйкөнүн алгачкы баасы эки миллионду түзгөн. Буга утурлай ханышанын баалуу тагынчактары, шакеги жана шурулары сатылгандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, ал баалуу буюмдарды ханыша өлүм жазасына тартылардын алдында чет жакка катып коюга жетишкен. Ошентип, ал буюмдарды коомчулук 200-жылдай көрбөгөндүгү айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!