Интернет түзүүчүлөрдүн бири көз жумду

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

АКШда Калифорния штатында Интернет түзүүчүлөрдүн бири Роберт Тейлор 85 жашында көз жумду. Бул боюнча уулу Куртанын айткандарына таянып “Los Angeles Times” гезити кабарлады. Паркинсон дартынан жабыркап жүргөн Тейлор 13-апрелде өз үйүндө көз жумган.

Роберт Тейлор 1960-жылы азыркы Интернеттин прототиби болгон “Arpanet” тармагын иштеп чыккан. Ошондой эле ал “Xerox” компаниясында персоналдык компьютерлерди түзгөн.

Компьютердик технологияны өнүктүрүү жагын каржылап, жаш окумуштууларды тарбиялаган. Анын окуучуларынан турган топ “Аlto” персоналдык компьютерин иштеп чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!