Цукерберг "Iphone" колдонгонго тыюу салды

Цукерберг
16-Ноя. 2018, Жума, 11:38

"Facebook" тармагынын жетекчиси Марк Цукерберг компаниядагы топ-менеджерлерден жумушчу орундарында "Apple" ишканасынын гаджеттерин колдонбоону талап кылды. Бул туурасында «The New York Times» басылмасы жазды.

"Facebook" жетекчилиги "iPhone" телефондоруна Цукерберг менен "Apple" жетекчиси Тим Куктун айтышынан кийин тыюу салган.

Тим Кук "Facebook" тармагындагы маалыматтар таралганда Цукербергди ачык сынга алган адамдардын бири. Андан улам социалдык тармак ири жаңжалга кабылып, көп каражатынан кол жууган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!