Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди

 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
16-Ноя. 2018, Жума, 19:26

Индонезияда 29-октябрда кулаган учакта каза болгон жигиттин сүйүктүү кызы Интан Шьяри болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн үлпөт көйнөгүн кийип фотосессия кылды.

Интан Шьяри жана Рио Нанда Пратама 11-ноябрда баш кошушмак. Бирок, Пратама үлпөт той үчүн Жакарта-Панкалпинангка келе жатканда учактагы 188 киши менен чогу көз жумган. Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз фотого түшкөнүн айтты.

Интан Шьяри фотосун инстаграмдагы баракчасына жүктөп, "Айтууга мүмкүн болбогон кайгыга карабастан сен үчүн дагы деле жылмайуудамын. Мага ардайым айтканыңдай күчтүү болушум керек", - деген сөздү жазган.

Шьярига караганда, болочок күйөөсү "Мен үлпөт тойго жетишпесем, анда сен макияжыңды кылып, үлпөй көйнөгүңдү кийип, ак гүлдөр менен фотосессия кылып, жөнөт",- деп андан түшкөн сүрөтүн ага жөнөтүүсүн өтүнгөн.

Шьяринин "Алгачкы сүйүүм" деген болочок күйөөсү менен орто мектептен бери жакын мамиледе экенин билдирген.

Кыздын сүйүктүүсү дарыгер болуп иштегендиктен тойдон мурда Жакартага семинарга кеткен.

Эскерте кетсек, Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу Боинг 737 учагы асманга көтөрүлгөндөн көп узабай Ява деңизине кулап түшкөн. Учактагы жалпы 188 адамдын бири да аман калган эмес. Кырсыкка кабылган бул учактын бир кара кутусу табылган. Бирок, кара кутудагы маалыматты талдап чыгуу үчүн айлар өтөрүүн айтышууда.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!