Джон Тигар: Трамптын чечимин убактылуу четке какты

Джон Тигар: Трамптын чечимин убактылуу четке какты
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 12:08

9-ноябрда “Мыйзамсыз келе жаткан мигранттарга башпаанек алууга тыюу салуу боюнча” Трамптын чечимин, Сан-Францисконун соту четке какты. Бул боюнча, “Жарандардын эркиндигин коргоо союзунун адвокаттары” Джон Тигарга кайрылган.

Тигар алардын кайрылуусунан соң, Трамптын чечимине убактылуу бөгөт койгондугу айтылат. Тагыраак айтканда 19-ноябрга чейин. Американын мыйзамы боюнча, качкын ал мамлекетке өткөндө кана жарандык коргоо мүмкүнчүлүгүн ала алат.

Адвокат Ли Гелеренттин айтымында Укуккоргоочулар мыйзамсыз миграцияны колдобой тургандыгын айтып чыгышты. Бирок, АКШ Конгресси айрым адамдардын абалы оор экендигин эскерип, алардын “Жарандык качкын статусун” алууга боюнча арыз жазганга мүмкүнчүлүк бериш керек экендиги айтылган.

Эскерте кетсек, октябрдан бери Борбордук Америкадан, Гондурас жана Гватемала өлкөлөрүнөн Америкага миңдеген мигранттар жөө жол тартышкан. Трамп мигранттарды киргизбөө үчүн, бир канча аскерди чек арага жиберген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!