Россия-Өзбекстан аскердик-техникалык жактан кызматташат

18-Апр. 2017, Шейшемби

Владимир Путин Россия менен Өзбекстандын ортосунда аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимин ратификациялады. Ал эми Өзбекстандын президенти аталган макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга 3-апрелде кол койгон.

Келишимдин башкы максаты эки өлкөнүн аскердик-техникалык тармакта кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле перспективдүү аскердик куралдардын үлгүлөрү менен жабдууга көңүл бөлүнөт. Андан тышкары макулдашууда тараптардын илимий-техникалык, өндүрүш технологиялык потенциалды жогорулатуу менен коргонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жагы каралган.

Келишимди ишке ашыруу жагы Россиянын Аскердик кызматташтык боюнча федералдык кызматына, Өзбекстандын Коргоо министрлигине тапшырылды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!