Крокодил аялды өлтүрө тиштеди

Крокодил аялды өлтүрө тиштеди
18-Янв. 2019, Жума, 13:37

Индонезияда крокодил аны багуучу Дизо Туво аттуу аялды өлтүрө тиштеп салган. Маалыматка ылайык, зер буюмдарды чыгарган фермада мыйзамсыз түрдө крокодил багып жүрүшкөнү айтылат. Ал лабороторияда 44 жаштагы Дизо Туво айым жетекчилик милдетти аткарчу. Кейиштүү окуя 10-январда аял крокодилге тамак берип жатканда катталган.

700 салмактагы Мерри аттуу крокодил аялдын колун, андан соң ич тарабын катуу тиштеген. Жергиликтүү эксперттер анын кокустан бассейнге түшүп калган деп болжолдошууда.

Аялдын коркунучтуу жансыз денесин эртеси күнү табышкандыгы айтылат.

Жаратылышты коргоо көзөмөлүнүн өкүлү Хендрикс Рунденган Би-би-сиге берген маегинде: “Биз мурун ал фермага канча жолу бардык, бирок биз барганда ар дайым эч ким жок болот эле”,-деп эскертип өттү.

Учурда полиция кызматкерлери аталган ферманын жетекчисине карата издөө иштерин баштады.

Франс пренсс агенттигинин маалыматына ылайык, Индонезияда крокодилдин бир канча түрү бар жана алар жыл сайын адамдарга кол салып турат

2016-жылы “Раджа-Ампат” аралында бир орус келинге кол салуу болгон. Статистика боюнча, жыл сайын миңдеген адамдар крокадилдин колунан өлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!