Армиядагыларга акылдуу телефон алууга тыюу салынды

Армиядагыларга акылдуу телефон алууга тыюу салынды
21-Фев. 2019, Бейшемби, 14:02

Россия парламентинин төмөнкү палатасы Дума өлкө аскерлерине милдет өтөө мезгилинде Интернетке байланышкан электроникалык түзүмдөрдү алып жүрүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык социалдык медиада кызматтары, жүргөн жерлери жөнүндө жазууга болбойт.

Аскер кызматкерлери чет элдик чалгын кызматтарынын, террордук уюмдардын көңүл чордонунда экенин аныктаган Россия мындан улам армияга Интернет колдонууга тыюу салды.

Кошуунда коопсуздук үчүн аскерлер акылдуу телефон жана электроникалык түзүмдөрдү колдонбойт. Интернетте, социалдык тармактарда кызмат кылып жаткан жери, милдети тууралуу жарыялаганга болбойт. Бул боюча тартылган сүрөттөр, видео жана караталарды бөлүшпөйт.

Россиянын Коргоо министринин орун басары Николай Панковдун айтымында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө Сириядагы Россия күчтөрү, армияда кызмат өтөгөндөрдү иликтөөнүн жыйынтыгы себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!