ЕБ жана Кытай Париж макулдашуусун колдойт

1-Июнь 2017, Бейшемби

АКШнын президенти Дональд Трамптын макулдашуудан чыгуу чечимине карабастан Европа биримдиги (ЕБ) жана Кытай климат боюнча Париж келишимин колдойт. Бул тууралуу “Росбальт” агенттиги жазды.

2-июнда Брюсселде өтө турган жыйында Пекин жана ЕБ дүйнө коомчулугун Париж макулдашуусунун милдеттемелерин аткаруу боюнча пландары менен тааныштырат.

Буга чейин “SpaceX” жана “Tesla” компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск президент Дональд Трамп АКШнын өлкөнү Париж макулдашуусунан чыгара турган болсо Ак үйдө кеңешчилик кызматынан кетерин убада кылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!