2,7 миллион бала интернаттарда жашайт

2-Июнь 2017, Жума

Дүйнөдө 2,7 миллиондон ашык бала интернат, балдар үйү жана башка бул сыяктуу жайларда жашайт. Мындай маалымат 1-июнда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) сайтына жарыяланган.

Бул көрүнүштөргө үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу, балдардын өсүүсүнө, акыл эсине терс таасирин тийгизген зомбулуктар себеп болгонун ЮНИСЕФтин Балдарды коргоо боюнча директору Корнелиус Уильямс билдирген.

ЮНИСЕФ 140 мамлекеттеги абалды анализдеп чыккан. Иликтөө иштеринде көптөгөн өлкөлөрдө жеке мекемелерде жашаган балдардын саны так эмес экендигин же бул тууралуу маалыматтарды берүү боюнча каршы пикрлерге кабылышкан. Андан улам аталган уюм өкмөттөргө кайрылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!