Астанада Сирия боюнча жыйын өтөт

6-Июнь 2017, Шейшемби

“Сирия боюнча дүйнөлүк сүйлөшүүлөрдүн кийинки раунду Астанада 12-13-июнда өтөт”,-деп кабарлайт россиялык массалык маалымат каражаттары Сириянын Россиядагы элчиси Рияда Хаддадага шилтеме берүү менен. Элчи “РИА Новости” агентигине Дамасктагы делегация чакыруу алгандыгын кабарлаган.

“Бирок, сириялык оппозициялык күчтөр катышуулар тууралуу өз жообун бере элек,”- деп бүгүн, 6-июнда анын өкүлү Яхья аль-Ариди билдирди.

Астанадагы акыркы жолугушууда тактап айтканда 4-майда Россия, Түркия жана Ирандын өкүлдөрү Сириядагы коопсуз аймактарды түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок сириялык оппозициялардын кээ бир өкүлдөрү бул чечимге каршы чыгышкан. Меморандумда Сириянын ар кайсы аймактарында төрт “деэслакация аймактарын” түзүү каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!