“Boeing 737” учагы Японияга түтөгөн борту менен конду

9-Июнь 2017, Жума

Түштүк Корей авиакомпаниясына таандык "Korean Air Lines” учагы Япониядагы “Фукуоки” аэропортуна түтөгөн борту менен учуп келип конгон. Бул тууралуу Япония Транспорт жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү кабарлады.

"Рейтер" агентигинин айтымында, “Боинг-737” учагы Пусандан Фукуокуга учуп чыккан. Учукучтар аэропортго жакындап калганда, япон авиадиспетчерлерине борттогу түтүн тууралу билдиришкен.

Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж тобу учактан коопсуз аймакка чыгарылып, алардын бири да жаракат алган эмес.

Түнтүндүн себептери аныкталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!