Гаджетсиз жүргөн окуучуларга акча берилет

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

"Вашингтондогу жеке мектептин директору Диана Смит эгер окуучулар жайкы каникулун гаджеттерсиз өткөрүшсө 100 доллардан берерин убада берди",- деп жазган "ТheWashington Post" газетасы.

Смит маалымдагандай балдар жайдын ар шейшемби күндөрүн телефонсуз жана башка электрондук тузүмдөрсүз өткөрүүлөрүн сунуштаган. Ал эми ата-энелер анын бул сунушун кош колдоп кабылдашты.

Тогуз жылдан бери бул окуу жайды жетектеп келген Смит жыл өткөн сайын абал начарлап келе жатканын айткан. Жаш өспүрүмдөр түнү менен интернетте отурушкандыгына байланыштуу уйкулары канбай калып жатат”,-деди ал.

Ал эми окуучуларга төлөнчү акчаны өз чөнтөгүнөн чыгарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!