Гольф клубуна барам деп үйлөнүү тойго барды

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Джерсидеги гольф-клубунда өтүп жаткан үйлөнүү аземине катышты. Бул тууралуу “РИА Новости” сайты “CNN” телеканалына шилтеме берип кабарлайт.

Коопсуздук кызматкерлери аталган аймакты текшерүүгө алгана чейин тойдун коноктору Американын президенти катышып жатканын билишкен эмес.

Жыйынтыгында Дональд Трамп жаш жубайлардын ысымдарын сурап алар менен бирге сүрөткө тушкөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!