Путин: Менин маалыматым жок

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Россиянын президенти Владимир Путин, 15-июлда Түркияда өткөн ийгиликсиз төңкөрүш аракети тууралуу айтып берди. Путин, төңкөрүштү Гүлен уюштурган деген пикирге "Мен бул жөнүндө эч кандай маалыматым жок" деп жооп берди.

Спутниктин маалыматына таянсак, АКШнын атактуу режиссеру Оливер Стоун тарткан даректүү фильми "Путин менен маек" (The Putin Interviews) деген аталыштагы даректүү тасмада Путин 15-июлундагы төңкөрүш аракети жөнүндө төмөнкүдөй сөздөрдү айтты: “Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын төңкөрүшкө катыштыгы туурасында эч качан мага айткан жок. Бирок, мен бул суроого мындай деп жооп берет элем: “Гүлен чындыгында бул төңкөрүшкө катыштыгы жөнүндө-маалыматым жок, анда АКШнын чалгындоо кызматкерлери болуп жаткан окуялардан маалыматы жок экенин элестетүү кыйын”.

Инжирлик жөнүндө сөз кылып, анда: "Ошол эле учурда, Түркиядагы Инжирлик базасында АКШ аба күчтөрүнүн базасы жайгашкан. Инжирлик аскерлер төңкөрүшкө жигердүү катыштыгы бар,”-деди Путин.

Белгилей кетсек, АКШнын режисёру Оливер Стоундун "Путин менен маек" (The Putin Interviews) аттуу документалдуу фильмин АКШнын “Showtime” каналда 12,13,14 жана 15-июнь күнү кечинде 4-бөлүмдөн турган тасма түрүндө көрсөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!