Назарбаевдин учагы 250 миллион доллар

4-Июль 2017, Шейшемби

Чартердик каттамдар боюнча иш алып барган белгилүү “Air Charter Service” ишканасы дүйнөдөгү державалардын лидерлери пайдаланган учактар боюнча иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгында Казакстандын президентине кызмат көрсөткөн аба кемеси Си Цзиньпин (Боинг 747-400), Улуу Британиянын премьер-министри Треза Мэй (Airbus А330) жана Бахрейндин королу Хамад ибн Иса Аль Халифтин (VVIP Вoeing 767-400FSER) учактары менен бирге номур биринчи борттордун катарында 250 миллион долларга бааланды.

Баяндамада “2016-жылы Нурсултан Назарбаев расмий иш сапары менен 15 мамлекетке барган. Айрымдарына бир нече жолу каттаган. Жалпысынан абада 140 саат болуп, 99 миң чакырым аралыкты баскан. Президенттин чет өлкөгө учууларында ыңгайлуулук жана коопсуздук менен мамлекеттик “Беркут” авиакомпаниясынын кызматкерлери камсыз кылат”,-деп жазылган.

Баяндамачылардын жазгандарына караганда “Беркут” авиакомпаниясынын паркында түрдүү типтеги учактар жана тик учактар бар. “Кыска аралыкка жана тоолуу аймактарга Нурсултан Назарбаев атайын даярдалган Ми-8 үлгүсүндөгү тик учактар менен барат. Ал эми алыскы сапарларга же 2 500 чакырымга “Беркуттун” курамындагы СRJ-200 жана Embraer-135 пайдаланылат. Маанилүү мамлекеттик сапарларга Airbus A320-214(CJ) Prestige, Airbus A321-211 (CJ) жана Airbus A330-243 Prestige учактары менен барат. Булар Казакстан авиакомпаниясынын флагманы экени талашсыз. Дал ушул авиа кемесин Нурсултан Назарбаевди саясий жана экономикалык форумдарга, АКШ, Кытай, Россия жана Япония өлкөлөргө болгон мамлекеттик иш сапарларга алып барат”,- деп белгилеген баяндамачылар.
Тизмеде 1,5 миллиард долларга бааланган эң кымбат аба флоту Катар эмири Тамима бин Хамад Аль Танииниге таандык. Экинчи же Дональд Трамп түшкөн “Air Force One” бир миллиард доллар болгон. Владимир Путин жүргөн ИЛ-96-300ПУ 500 миллион долларга, Ангела Меркелдин флоту 300 миллион долларга бааланган.

Баяндамага мамлекет башчылардын борту эле эмес ишкерлердин учактары да иликтөөгө алынган. Россияда Алишер Усмановго таандык эң ири бизнес-жет 350 миллион доллар, ал эми Роман Абрамовичтин жеке борту 300 миллион доллар экени белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!