Эрдоганга кылмыш ишин козгоо талап кылынды

11-Июль 2017, Шейшемби

Швецияда депутаттардын тобу Түркиянын президенти Тайип Эрдоганга жана өкмөттүк жетекчилерге кылмыш ишин козгоо боюнча Стокгольм эл аралык прокуратурасына кайрылды. Алар “Геноцид, адамзатка каршы жана согуш кылмыштары” боюнча сурак алууну, кылмыш иши козголгон жетекчилер бул өлкөгө келсе соттоону талап кылды.

Evrensel.net сайтынын журналистти Мурат Кусейринин кабарында кылмышка катыштыгы бар өкмөт жетекчилери 2015-жылдын июль, 2016-жылдын декабрь айларында Ширнак, Жизре, Сур жана Силопи шаарында өлүм жана кыйроолорго жоопкерчиликтүү экендиги маалымдалган. Бириккен улуттар уюму (БУУ), Эл аралык Мунапыс уюму жана башка адам укуктары боюнча иш алып барган мекемелердин өлүм жана кыйроолор боюнча тартылган сүрөттөрү далил катары көрсөтүлгөн.

Саддамдын соттолгондугу мисал келтирилген

Жизреде болгондор менен Саддам Хусейндин 1982-жылы Дужайлда ишке ашырган кыргындын ортосунда окшоштуктар бар экенин айткан швециялык депутаттар “Ирак соту Саддам Хусейнди ушул кылмыштан улам жоопко тартты”,-деп жазылган. Ошондой эле эл аралык прокуратурага берилген арызда “Түркия өкмөтүнүн күрттөргө кылгандары биздин оюбузча геноцид, адамзатка каршы жана аскердик кылмыш”,-деп жазылган.

“Сот алдында жооп берсин”

Швециялык жетекчилер Эрдоган менен бирге Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым, мурдагы премьер-министр Ахмет Давутоглу, Ички иштер министри Сулейман Сойлу, Мурдагы Ички иштер министри Эфкан Ала, Коргоо министри Фикри Ышык жана мурдагы Коргоо министри Исмет Йылмаз бул иштерге жооптуу экендигин белгилеген. Ошондой эле аты аталган жетекчилер Швецияга келсе камакка алуу, сот жообуна тартуу зарылдыгын жазышкан.
Прокуратурага берилген кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылууга Жашылдар партиясынын депутаттары Анника Лиллеметс, Вальтер Мутт, Карл Шлиер жана Жабар Амин, Сол партиясынын депутаты Аминех Какабавех кол койгон.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!