Асаддын уулу: согуштун коркунучтарына күбөмүн

19-Июль 2017, Шаршемби

Башар Асаддын улуу баласы Хафез Бразилиядагы “Globo” гезитине берген маегинде Сириядагы жаңжал жарандык эмес, “басып алуучулук” экенин айтты.

Рио-де-Жанейродо математика боюнча эл аралык олимпиадага барган 15 жаштагы өспүрүм маегинде согуштун бардык коркунучтарына күбө болгонун айтты.

Жаңжал, өкмөттүк армия менен согушкерлердин ортосундагы кагылышуу тууралуу суроолор жооп берип жатып ал айрым адамдар алардын жерин алууга келгенин белгиледи. Бирок бул боюнча конкреттүү адамдардын атын атаган жок.

“Мен Сириянын жаранымын. Согушту бардык коркунучтарын көрүп турам. Бул адамдар биздин жерибизди алууга келишти. Алар Сирия элине каршы”,-деди Хафез. Ошондой эле туулган жеринен кетпей тургандыгын айтты. “Эч качан! Сирия элинин үмүтү бар”,-деди ал.

Бразилиялык басылмалар Башар Асадды диктатор деп атарын, атасы тууралуу мындай мүнөздөмө ага кандайча сезилерин сурады.

“Мен атамдын кандай адам экенин билем. Элдер аны президенттик ишине байланыштуу айтышат. Көптөр көрбөйт. Бул айтылгандар чындыкка коошпойт”,-деп жооп берген Асаддын уулу алты жылдан бери уланып келе жаткан жаңжал бүтөөрүнө аз калганын кошумчалады.

Башар Асаддын 15 жаштагы Хафез жана 13 жаштагы Карим аттуу эки уулу, 14 жаштагы Зейна аттуу кызы бар.

Математика боюнча эл аралык олимпиадага бул жылы 112 өлкөдөн 623 окуучу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!