Окумуштуулар абадан тамак жасай башташты

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Окумуштуулар абадан тамак өндүрүүгө арналган курал ойлоп табышты. Бул тууралуу “utro.ru” сайты маалымдады.

Лаппеэнранта (Финляндия) технологиялык университетинин лабораториясында көмүр кычкыл газын кайра иштетүү аркылуу органикалык кошулмаларды чыгаруучу, тактап айтканда белокторду түзгөн биореактор жасалды.

Белок – бул баардык тирүү организмдер азыктанган негизги тамак-аш болуп саналат. Ал эми абада белоктон тамак өндүрүү үчүн баардыгы бар. Алар суу менен көмүр кычкыл газы.

«Керек болсо биз ойлоп тапкан биореакторуду ар бир үйдө орнотуп, каалаганча колдонууга болот», - дейт биореакторду ойлоп тапкандардын бири Юха-Пекка Питканен.

Өзгөчө микроорганизмдер түздөн-түз иштеп чыгуу менен алектенет. Алар CO2, кычкылтекти бөлүп чыгарат жана сууну сиңирип, белок менен кантты түзөт.

Микробдуу масса белгилүү бир өлчөмгө жеткенде реакторго электр разрядын берет, ошол кезде көмүр суулар менен белоктор чачырайт да, бактериялар өлүп калат.

Алынган массаны кургаткандан кийин пайдалуу заттарга бай бүртүкчөлөр алынат.

Белгилей кетсек, азыр реактордун натыйжасы төмөн, тагыраагы – 1 граммы чама менен эки жумада өндүрүлөт. Бирок, окумуштуулар бул процессти тездетүүнү пландашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!