Ким экени 16 жылдан кийин такталды

8-Авг. 2017, Шейшемби

АКШнын Нью-Йорк штатындагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактын курмандыгынын өздүгү 16 жылдан кийин такталды. Идентификациялоо жаңы технологиядагы ДНК-тестирлөөнүн жардамы менен мүмкүн болгонун “The Guardian” гезити жазып чыкты. Ал адамдын аты-жөнү жакындарынын өтүнүчүнөн улам жарыяланган эмес.

Эксперттер болгону 1641 курмандыктын өздүгүн тактаса, жардырууда көз жумгандардын 40 пайызы эмдигиче тааныла элек.

Эскерте кетсек, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда “Аль-Каида” террордук тобунун согушкерлери төрт жүргүнчү учагын уурдаган. Алардын экөө Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борбору жайгашкан Эгиз мунарага урунган. Үчүнчүсү Пентагондун имаратына куласа, төртүнчүсү Пенсильванияда жарылган. Террордук жардырууда 3 миңге жакын адам көз жумган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!