Биг-Бенди оңдоо 2021-жылга чейин созулат

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Лондондогу Вестминстер сарайындагы саат мунарасындагы белгилүү “Биг-Бен” коңгуроосу 21-августа акыркы жолу кагылат. Адан соң ири оңдоо иштерине байланыштуу жабыларын Британ парламентинин маалымат кызматы кабарлаган.

Салмагы 13,7 тонналык Биг-Бен коңгуроосун саат сайын урулуп турат. 157 жылдан бери тынымсыз иштеп келген коңгуроо акыркы жолу 2007-жылы текшерилген. Ал эми олуттуу оңдоо иштеринен 30 жыл мурда өткөн.

Сааттын ишине көз салган Стив Жаггза элдерди бул маанилүү учурду белгилөөгө чакырган. “Парламенттик аянтка чогулуп 2021-жылы ишке кире турган Биг-Бендин согушун угуп кетүүгө болот”,-деген.

Мунараны оңдоого даярдыктар 2017-жылдын башынан бери жүргүзүлүүдө. Учурда курулуштун жарымына чейин тепкичтер орнотулган. Аны оңдоого түрдүү мамлекеттерден адистер чакырылган. Ал эми буга жумшалган 29 миллион фунт стерлинг палламенттин бюджетинен бөлүнмөкчү.

Бийиктиги 96 метрлик мунарага адистерге ыңгайлуулук жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында лифт менен жабдылган. Антпесе реставрация учурунда курулушчулар 334 тепкич басканга туура келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!