Арабияда аялдарга унаа айдоого уруксат берилди

27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:43

Сауд Арабия королу Салман бен Эбдел Эзиз эл-Сауд кечээ аялдарга унаа айдоого укук берүүчү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги “Twitter”деги расмий баракчасына маалымдады.

Король аялдарга авто унаа айдоого укук берүүчү чараларды бышыктоо үчүн “ІІМ”, каржы министрлиги, эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик өкүлдөрүнөн комиссия түзүүгө буйрук берди.

Сауд Арабиясы көптөгөн тармакта аялдардын укукгун чектеп келет. Ошонтсе да акыркы кездери аялдарды ташып жүрүүгө мажбур болгон эркектердин убакытын үнөмдөө үчүн айымдарга унаа айдоо укугун берүүнү жактагандар көбөйгөн.

Имамдардын бири аялдардын «акыл-ой жөндөмү чектелүү» болгондуктан унаа жүргүзүнү ишенип тапшырууга болбойт деп маалымдаган эле, бирок бийлик аны ушул сөзү үчүн кызматтан биротоло чектеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!