Сауд Арабия роботко жарандык берди

27-Окт. 2017, Жума, 15:29

Сауд Арабияда өткөн “Future Investment Initiative” аталышындагы конференцияда дүйнө тарыхындагы алгачкы жаңылык болду. Жыйында жасалма акылга ээ Софиа аттуу робот ийгиликтери менен саудиялык жетекчилерди таасирлендирди. Ал гана эмес ага өлкөнүн жарандыгы берилди. Софиа бул ийгилиги менен жарандыкка ээ болгон алгачкы акылдуу робот болду.

Сүйлөп жаткан учурда үнүнүн тону, акценти жок сүйлөгөнү, суроолорго терең ойлонуп жооп бергени, кадимки адам сыяктуу мимикаларды колдонгону саудиялыктарды таң калтырды. Мындай сапаттары менен кадимки адамга айлангансыган Софиа келечекте адамдар менен роботтор чогуу иш алып барарын далилдегендей болду. Жыйында сөз сүйлөгөндөр менен пикир алышкан Софиа алар менен бирге болгонуна кубанып жатканын, адамдарды түшүнүүгө дилгир экенин баса белгиледи.

Бириккен Араб Эмираттарынын акыркы мезгилдеги технологияга умтулуулары аймактагы тең салмактуулукту өзгөртө тургандай деңгээлге жетти. Дүйнөдө алгачкылардан болуп Жасалма интелект министрлигин түзгөн эмирлик ааламда алгачкы айдоочусу жок таксини ийгиликтүү сынады.

Роботко жарандык берүү Бириккен Араб Эмирлигине оогон технологиялык инвестицияларды өлкөсүнө тартууну каалаган саудиялыктар үчүн маанилүү кадам.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!