Сан-Хуан кемесин издөө

Сан-Хуан кемесин издөө
23-Ноя. 2017, Бейшемби, 18:30

Аргентинанын суу астындагы флоту боюнча "Эль-Сноркель" коому 2014-жылы өлкөнүн аскер деңиз күчтөрүнө таандык суу астында жүрүүчү "Сан-Хуан" кемесинде тартылган видеону жарыялады. Жоголгон кемени издөө иштери 17-ноябрдан бери уланууда.

Андагы кадрларда экипаж мүчөлөрү кеменин эки жылдык капиталдык оңдоодон кайтканы жөнөндү сөз кылган.

“Өзүңүздөр менен сыймыктанышыңар керек. Өз ишиңерди мыкты аткардыңар. Чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Мен бул кеменин башкы капитанын жардамчысы болгонума, ушул топту жетектегениме сыймыктанам”,-деген.

"Сан-Хуан" кемесинин эипажынын 44 мүчөсүнүн арасында Элиана Мария Кравчик болгон. Ал Аргентинанын деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн алгачкы аял болуп эсептелет.

Өлкөнүн деңиз күчтөрүнүн өкүлү Энрике Бальби издөө иштери өтө олуттуу жерине жаткенин, кемедеги кычкылтектин запасы жакында түгөнөрүн билдирди.

Учурда издөө иштерине катышып жаткан учактар бардык жерди караганы менен эл аралык операция эч кандай жыйынтык бере элек.

Экипаж мүчөлөрүнүн туугандары үмүтүн үзө баштады. Алардын бири Елена Альфаро акыркы маалыматтар кеменин тагдырынан үмүттөндүрүп жатканын айтты. “Аз гана убакыт калганы корунучтуу. Бизде арга калган жок. Жардам жок, ачууланып кала бердик”,-деди ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!