Ким Чен Ынды өлтүрүүгө акча бөлүндү

7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:16

Түштүк Кореянын жетекчилери атайы отряд бөлүмүн даярдап чыгуу үчүн 300 миң доллар жумшайт.

Түштүк Корея өкмөтү 2018-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды бийликтен четтетүү үчүн 2018-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу “United Press International” билдирди.

340 миллион вон (310,000 доллар) өлчөмүндөгү каражат Түштүк Корея башчылыгын атайы «декапитациялык бөлүмү» үчүн жабдууларды сатып алууга жана окутууга жумшалат.

Бул атайын отряд согуш учурунда Ким Чен Ын менен КЭДР жогорку жетекчилигин табуу жана жок кылууга милдеттүү миңге жакын аскерден турат деп маалымдалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!