Жүргүнчү учагы деңизге түшүп кете жаздады

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:20

Pegasus Airlines аба каттамынын учагы Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип деңизге түшүп кетүсүнө аз калды. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги билдирди.

Окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Анкара Трабзон PC8622 каттамы менен келген Boeing 737-800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылган. Бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон.

Учактын ичинде 162 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Куткаруучулар ыкчамдык менен ичиндеги адамдарды эвакуациялаган.

Аэропорттун өкүлдөрүнүн айтымында, эгер учак дагы 10 метр ылдыйлап кеткенде деңизге түшүп, жоготуулар болушу мүмкүн болчу.

Учурда окуянын келип-чыгуу себептери иликтенүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!