Пакистанда мышыкка “күмбөз” тургузулду

16-Фев. 2018, Жума, 17:03

“Express Tribune” гезитиндеги кабарга ылайык Пакистанда 17-кылымда жашаган кол башчы Пир Гажи Шахтын мышыгына “күмбөз” тургузулду.

Гезиттин кабарына ылайык өлкөнүн түштүгүндөгү Синд провинциясына караштуу Даду шаарынын четинде күн сайын ондогон адамдар шахтын жакшы көргөн мышыгынын күмбөзүнө барып дуба кылышат. Ал жакта күзөтчү болуп эмгектенген Манзур Хүсейин Косо аймактын элин диний лидер катары кабылдаган Шах ошол эле мезгилде Синд провинциясын баскынчылардан коргоодо кол башчылык кылганын белгиледи.

“Гажи Шахты жана ага жакын болгон бардык нерсени жакшы көрөбүз. Бирок айрым адамдар эскерткенибизге карабастан сабатсыздыктан улам күмбөздүн алдында жүгүнүшөт”,-деди ал.

Илимпоз, жазуучу Азиз Кинграни Гажи Шах ошол учурдагы өкүмдар тарабынан Синд жана Белужистан провинцияларынын ортосундагы чек араны коргоону милдеттендиргенин, бирок ал олуя болбогондугун айткан.

Өмүрүн аймакты коргоого арнаган Шах баскынчылар менен кармашта курман болгон. Аймак эли аны баатыр катары урматтай баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!