17 адам көз жумган мектеп түрттүрүлөт

17-Фев. 2018, Ишемби, 12:49

Флорида штатынын мыйзам чыгаруучулары Николас Круз 17 адамды атып өлтүргөн мектепти түрттүрүп салуу тууралуу сунушту колдоду. Бул тууралуу “Miami Herald” басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда бийлик окуучуларга жаңы, жайлуу бөлмөлөрдү курат. Ал эми мектептин имаратынын ордуна курман болгондорго мемориалдык эстелик тургузулат.

14-февралда Флорида штатындагы мектепте куралчан 19 жаштагы Николас Круз ок чыгарган. Окуяда 17 адам курман болсо, жыйырмадан ашыгы жарат алган. Учурда кылмышкер камакта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!