Дүйнөнүн эң “акылдуу” шаарлары кайсылар?

15-Март 2018, Бейшемби, 11:06

Дүйнөнүн “акылдуу” деп таанылган шаарларын “Juniper Research” компаниясы изилдөө жүргүзгөн.

“Intel” корпорациясынын колдоосу менен өткөрүлгөн изилдөөнүн натыйжалары боюнча 20 шаар “акылдуу” делген эрежеге туура келет экен. Бул тизмекке шаардын башкаруу системасында Интернет-технологияларды максималдуу түрдө колдонулушу жана унаа инфракурулушту жакшыртуу, ден соолук сактоо, коомдук тартипти камсыз кылган өлкөлөрдүн борборлору кирген.

Сингапур шаары экинчи жыл катары менен рейтингде биринчи орунду ээлеп келет. “Business Insider” компаниясынын маалыматы боюнча, Сингапур бардык талаптар боюнча жогору баага ээ болгон. Мисалы, аталган шаарда жол желеси жакшы ойлонуштурулган, бул тыгындарды азайтууга жана аны менен бирге тургундардын кыймылын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, атайы медициналык кызматтары да адамдарга өз ден соолугун көзөмөлдөөгө жана дарыгерлер менен алыста туруп байланышууга болот. Ошондой эле, Сингапурда мыйзам бузгандарды тез аныктап табууга жардам берген видео байкоо системасы мыкты өнүккөн.

Сингапурдан кийин рейтингте Лондон, Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Чикаго шаарлары бар. Тизмедеги 20 шаардын ичине Кытайдын үч шаары жана Индиянын Бхубанешвар шаары да кирген. Өткөн жылы да Сингапур рейтингдин баш сабында болгон. Андан кийин Барселона, Лондон, Сан-Франциско жана Осло шаарлары турган. Быйылкы жылы Каталониянын борбор калаасы тогузунчу орунга жылды, ал эми Норвегиянын борбору тизмеге жаңы кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!