​Май айында чыгаша кирешеден жогору болот

4-Май 2018, Жума, 11:01

Май айында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 9 млрд. 187,5 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын май айында бюджетке салыктан түшкөн кирешенин үлүшү 8 млрд. 512,9 млн. сомду камтыйт. Анын ичинен Салык кызматы 5.012 млрд. сом болсо, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 3,5 млрд. сом чогултулат. Ошондой эле салык эмес кирешеден 674,6 млн. сом түшөт.

Ал эми май айындагы чыгашанын көлөмү 9 млрд. 432.2 млн. сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Анын 2 млрд. сому мамлекеттик карызды жоюуга жумшалат. Социалдык фондго 1,6 млрд. сому керектелсе ошондой эле суммадагы каражат Билим берүү министрлигине бөлүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!